Өкмөттө ЕБдин өкүлү менен Кыргызстандын авиакомпанияларын «кара тизмеден» чыгаруу маселеси талкууландыКыргызстанда Жол кыймылына киргизүү институту иштей баштадыЭттин экспортунан түшкөн пайда фермерлерге эмес, ортомчуларга кетип жатат — Айыл чарба министрлигиБаткенде кытайлык ишкана күн электр станциясын куратӨКМ эскертет: Өлкө аймагында табигый кырсыктардын активдешүүсү күтүлүүдөБишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөт
Президент бирдиктүү басма үйүн түзүү тууралуу жарлыкка кол койду
16.01.2026 | 14:53
Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Туусу» мамлекеттик басма үйүн түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Демилгенин максаты — мамлекеттик маалыматтык саясатты өркүндөтүү, полиграфиялык инфраструктураны чыңдоо, мамлекеттик ЖМКлардын туруктуу ишин камсыздоо жана бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу.
Жарлыктын алкагында Министрлер кабинети бир катар мамлекеттик медиа жана басма уюмдарын бириктириши керек. Алар: «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» басма үйлөрү, «Байчечекей» балдар журналы, ошондой эле «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы. Ошол эле учурда «Жеткинчек» гезитинин жана «Кырчын» журналынын редакциялары жоюлат. Министрлер Кабинети жаңы басма үйү жөнүндө жобону, анын штаттык ырааттамасын жана бюджетин иштеп чыгып, бекитүүгө милдеттүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом