Президент кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Президент кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды бүгүн белгиленип жаткан Энелер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы Өлкөбүздүн азыркы жана келечек турмушунда энелердин орду өзгөчө бийик экендигин белгилеген

“Энелер — жашоонун башаты, үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу, жалпы мекенибиздин куту. Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат. Энелик мээримин төгүп, коомубуздун эртеңкисин, мамлекетибиздин келечегин аныктай турган татыктуу балдарды тарбиялап жаткан апалардын ар бирине ыраазылык билдирем”, — деп жазылат Президенттин куттуктоосунда.

Белгилей кетсек, 2012-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембиси “Энелер күнү” катары кабыл алынган.

Быйыл Энелер күнүнө карата 1014 энеге “Баатыр эне” ордени, 519 энеге “Эне даңкы” медалы берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>