Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында, жекшемби күнү өтөт.
Жарлыкта Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоону мыйзамдардын негизинде уюштуруу жана аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу тапшырылды.
Министрлер Кабинети шайлоого каражат бөлүүгө, шайлоочулардын так тизмесин түзүүгө, шайлоочуларды онлайн идентификациялоо системасын өркүндөтүүгө жана шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууга милдеттендирилди.
Ошондой эле Башкы прокуратура Конституция менен мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт, жергиликтүү бийлик органдары шайлоонун уюштурулушуна көмөк көрсөтөт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.