Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
30.09.2025 | 09:42

Чек ара кызматы Кытайда «КЭРдин түзүлгөн күнү» жана «Күз ортосу майрамы» майрамдалышына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабыла тургандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-3-октябрь күндөрү жана 6-октябрда «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.
Ошондой эле 4-5-октябрь күндөрү жүк ташуучу транспорт каражаттарын жана товарларды тариздөө, өткөрүү процедуралары гана жүргүзүлөт. Бул күндөрү жеке жактарды тариздөө жүргүзүлбөйт.
Аталган өткөрмө пунктар аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүү 7-октябрда кайрадан жанданат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом