Президент: Парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим

Президент: Парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим

Президент Садып Жапаров өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу алдыдагы паламенттик шайлоо боюнча өз пикирин билдирип, өлкөдө мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөтурганын жана ага болгон күчүн жумшай турганын белгилеген.

Мамлекет башчысынын билдирүүсүндө, административдик ресурс таптакыр колдонулбастыгын жана ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартыларын айткан. Ошондой эле ага жараша эл дагы добушун сатпашы керектигин билдирген.

«Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер. Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң»,- деп жазган Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>