Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапары: 15 документке кол коюлду
08.07.2025 | 21:36
Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 8-июлда, расмий документтерге кол коюу жана алмашуу аземи болуп өттү.
Сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташууну чыңдоого багытталган 15 документке кол коюлду. Анын ичинде төмөнкүлөр бар:
- Президенттердин биргелешкен билдирүүсү;
- Ишеним чаралары боюнча макулдашуу;
- Өкмөттөр аралык кеңешти түзүү тууралуу макулдашуу;
- Геодезия, картография, кадастр, туризм, социалдык чөйрө, мамлекеттик кызмат, экология, телерадио жана башка тармактарда кызматташуу боюнча бир катар меморандумдар.
Ошондой эле Соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда Ишкердик кеңеш түзүү тууралуу макулдашууга да кол коюлду.
Бул документтер эки өлкөнүн ортосундагы ар тармактуу байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Жапаров Садыр, Тажикстан