Өлкө башчы Садыр Жапаров “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам ушул жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам жергиликтүү коомдоштуктун ортосундагы социалдык жана башка жаңжалдардын алдын алуу жана аларга каршы аракеттенүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин укуктук негизин түзүү максатында кабыл алынды.
«Кабыл алынган мыйзам менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 27-беренесине толуктоо киргизүү каралган. Ага ылайык, жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегине социалдык биримдикти чыңдоого жана коомдогу социалдык чыңалуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу кирет»,- деп айтылат маалыматта.
Мында, «социалдык биримдик» деген анын мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним жана урмат-сый сакталган, ошондой эле ар түрдүү социалдык, маданий жана этностук топтордун ортосундагы өз ара аракеттенүү жана өз ара түшүнүшүү камсыз кылынган коомдун абалы түшүндүрүлөт.
Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.