Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-январда өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, 2020-жылы социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлорду жана стратегиялык артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу тууралуу пикир алышуу болгон.

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында 2023-жылга чейинки артыкчылыктуу багыттарды, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланган.

Президент өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплексин камтыганын баса белгиледи. Анын ичинде үй-бүлө институту, балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтуу максаты да коюлат.

Муну эске алуу менен бул жылы мамлекет өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

«2020-жылы Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында областтарды инфраструктуралык жактан өнүктүрүү, жер-жерлерде ишкердикти колдоо, өлкөнү санариптештирүүнү улантып, балдарды жана балалыкты  социалдык жактан коргоону күчөтүү зарыл», — деп белгилеген өлкө башчысы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, Өкмөттүн  2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>