Президент тышкы карызды төлөө боюнча Финансы министрлигинин божомолунан эки эсе ашкан суммаларды атады

26.12.2025 | 16:00

Элдик курултайда сөз сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров катуу билдирүү жасады: 2035-жылга карата республика эгемендиктин 30 жылында топтолгон карыздардан толугу менен кутулат.

Мамлекет башчысы биринчи жолу төлөмдөрдүн деталдуу графигин жарыялады, андагы сандар Финансы министрлигинин буга чейинки божомолдоруна караганда бир кыйла жогору болуп чыкты.

Жаңы реалдуулук: жылына миллиарддан

Эгер мурда эксперттер Финансы министрлигинин ачык маалыматтарына таянып, 2030-жылды сын чекит (1,15 млрд доллардан ашык төлөм менен) деп атап келишсе, президент айткан маалыматтар башка көрүнүштү жаратууда. Төлөмдөрдүн «туу чокусу» беш жылдан кийин эмес, азыр эле башталып, жогорку чыгашалардын «тоо платосуна» айланууда.

Төлөмдөрдүн графиги (Садыр Жапаровдун маалыматы):

  • 2025-жыл: 857 млн доллар;
  • 2026-жыл: 1 млрд 48 млн доллар;
  • 2027-жыл: 1 млрд 277 млн доллар;
  • 2028-жыл: 1 млрд 326 млн доллар (тарыхый максимум);
  • 2029-жыл: 1 млрд 326 млн доллар;
  • 2030-жыл: 1 млрд 201 млн доллар.

«2030-жылдан баштап төлөмдөрдүн суммасы азая баштайт жана 2035-жылга карата биз мамлекеттик карызды толугу менен төлөп бүтөбүз», — деп ишендирди Жапаров.

Бирок президенттин билдирүүсү Финансы министрлигинин тышкы карызды тейлөө боюнча буга чейин жарыялаган божомолдоруна дал келбей жатат.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча (2025-жылдын октябрынын аягына карата), жакынкы жылдардагы төлөмдөр орточо болушу керек эле:

  • 2026-жылга ведомство 538 млн доллар деңгээлинде төлөмдөрдү божомолдогон. Президент болсо 1,048 млрд доллар суммасын атады — бул дээрлик эки эсе көп.
  • 2027-жылга Финансы министрлиги болжол менен 500 млн доллар караган болсо, мамлекет башчысы 1,277 млрд доллар деген санды айтты.

Буга чейин президент тышкы карызды бир күндө төлөп коюуга болорун айтып, өлкөнүн каржылык туруктуулугун баса белгилеген. Анын айтымында, алтын-валюталык резервдер рекорддук 8,5 млрд долларга жетти (беш жылда 4 эседен ашык өсүш). Бул «коопсуздук жаздыгы» тышкы карызды (октябрга карата 5,16 млрд доллар) «бир күндө» жабууга жетет.

Милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда жабуунун ордуна, бийлик пландуу төлөө стратегиясын карманууну чечти. Садыр Жапаров муну экономикалык логика менен түшүндүрдү: бир катар зайымдар боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөө айып санкцияларына алып келет, ал эми эски насыялардын көбү төмөн пайыздар менен алынган, андыктан экономикада иштей турган каражатты аларды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жумшоо максатка ылайыксыз.

Бул миллиарддарды кимге төлөп жатабыз?

Октябрдын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8,69 млрд долларды (же 760,16 млрд сомду) түздү.

  • Тышкы карыз: 5,16 млрд доллар (жалпы сумманын 59,4%ы).
  • Ички карыз: 3,53 млрд доллар (40,6%ы).

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү эки тараптуу жеңилдетилген насыяларга туура келет. Кредиторлордун арасында талашсыз лидер — Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы. Кыргызстан ага 1,5 млрд доллар карыз, бул өлкөнүн жалпы тышкы карызынын 29%ын түзөт.

Андан кийин эл аралык уюмдар турат:

  • Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ): 845,6 млн доллар (16,4%).
  • Дүйнөлүк банк (ЭӨА): 808 млн доллар (15,7%).
  • Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ): 251,3 млн доллар (4,9%).
  • Эл аралык валюта фонду (ЭВФ): 213,2 млн доллар (4,1%).

Ошондой эле портфелде 700 млн доллар (13,6%) суммасындагы еврооблигациялар боюнча карыз бар. Бул катаалыраак шарттары бар коммерциялык насыя болуп саналат, анткени бул эл аралык уюмдардан же башка мамлекеттерден эмес, жеке чет элдик инвесторлордон алынган рыноктук зайым.

Scroll to Top