Президенттин администрациясынын маалымат кызматы «Борбордук Азиянын Капитал Банкы» санкцияларды айланып өтүүгө жана эл аралык санкцияга алынган адамдар менен байланышууга тиешеси бар деген айрым чет өлкөлүк жана анонимдүү интернет булактарында тарап жаткан маалыматтар боюнча билдирүү таратты.
Маалыматта айтылгандай, аталган банктын Илан Шор жана ошондой эле санкциялар астындагы банктар же структуралар менен байланышы бар деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.
«Бул ырастоолор негизсиз, эч кандай фактылар менен тастыкталбайт жана Кыргызстандын каржы системасын дискредитациялоого багытталган. «Борбор Азиянын Капитал Банкы» АКсын түзүүнүн негизги максаттарынын бири болуп трансчек аралык рублдик операцияларга мамлекеттик толук көзөмөлдү орнотуу, ошондой эле өлкөнүн каржы институттарын санкциялык режимдерди айланып өтүү үчүн колдонууга жол бербөө экендигин баса белгилейбиз»,- деп айтылат маалыматта.
«Борбор Азиянын Капитал Банкы» мамлекеттик банк болуп саналат, анын акцияларынын 100%ы Финансы министрлигине таандык.