Президенттик шайлоо: Арстанбек Абдылдаев талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Президенттик шайлоо: Арстанбек Абдылдаев талапкер болуу үчүн БШКга арыз тапшырды

Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу үчүн БШКга арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-октябрда
Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Арстанбек Абдылдаевден арыз түшкөн.
Белгилей кетсек, буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуу үчүн «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКга арызын тапшырган.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январында өтөт. Президенттикке талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>