Президенттик шайлоону өткөрүү штабын Максат Мамытканов жетектейт

Президенттик шайлоону өткөрүү штабын Максат Мамытканов жетектейт

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов, премьер-министринин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен жолукканын билдирди.

Анын алкагында өлкөдөгү экономикалык, саясий-коомдук абал талкууланган.

Ошондой эле, президенттик шайлоону өткөрүү маселеси да көтөрүлүп, Артем Новиков шайлоону таза өткөрүүгө өкмөт бардык аракеттин көрүп жатканын билдирген. Ал үчүн Республикалык штаб түзүлүп, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектей турганын айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>