Президенттикке талапкер болуу үчүн Назарбек Нышанов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кечээ, 31-октябрда Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу «Лига-Антикризис» коомдук бирикмесинин президенти Нышанов Назарбек Айтбековичтен КР БШКга арыз түшкөн.
Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев жана Кубан Чороев арыз берген болчу.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек.