Президенттин атынан жаш балбандарга сыйлыктар тапшырылды
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн президенттин атынан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 15 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, быйыл июнь айында Бишкекте өткөн бул ири эл аралык мелдешке Азиянын 45 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчу катышкан. Кыргызстандын жаш балбандары жалпы 30 медаль — анын ичинде 5 алтын, 8 күмүш жана 17 коло байге утуп алышкан.
Сыйлык тапшыруу аземинде Адылбек Касымалиев спортчуларды жеңиши менен куттуктап, президент Садыр Жапаровдун атынан жаштардын спортко болгон кызыгуусун жана Мекенге болгон сүйүүсүн жогору баалады.
“Бул чоң жеңиш — жаштарыбыздын эрктүүлүгүнүн жана Мекенге берилгендигинин далили. Кыргызстанда спортту өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо боюнча иш-аракеттер мындан ары да уланат”, — деди ал.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды:
- 150 000 сом — алтын медаль ээлерине
- 100 000 сом — күмүш медаль ээлерине
- 50 000 сом — коло медаль ээлерине