Президенттин колунан “генерал-майор” наамын алган мурдагы прокурор кармалды

12.11.2024 | 18:41

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалды. Бул маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады.

Кубан Адыл уулуну ИИМдин Тергөө кызматы кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренелери (массалык баш аламандыктарга даярдануу), 261-беренесинин 1-бөлүгү (уюшкан топту түзүү же ага катышуу), 263-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо), 36, 326-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча айып тагылууда. Ал менен бирге бир нече алам кармалган. Алардын аттары азырынча белгисиз.

Бүгүн, 12-ноябрда сотто анын бөгөт чарасы каралып, келерки жылдын 10-январына чейин камакка алынган.

Кубан Адыл уулунун кармалышы боюнча ИИМ үн ката элек.

Белгилей кетсек, Кубан Адыл уулу 2021-жылы августта башкы прокурордун орун басары болуп дайындалып, быйыл апрелде кызматтан алынган. 2023-жылдын февралында ал президент Садыр Жапаровдун колунан «юстициянын генерал-майору» наамын алган.

Кубан Адыл уулу президент Садыр Жапаровдон наам алганда тартылган сүрөт (2023-жыл, февраль)

https://reporter.kg/sadyr-zhaparov-besh-zhetekchige-generaldyk-naam-tapshyrdy-tizme/

Scroll to Top