Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Президенттин пресс катчысы туу боюнча мыйзам качан ишке ашарын айтты
23.12.2023 | 09:30
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине алдыдагы шейшемби күнү жарыяланат. Бул тууралуу презииденттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Анын айтымында, Министрлер кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн (техническая спецификация) өз токтому менен бекитиши керек.
Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат.
Аскат Алагозов президент Садыр Жапаров азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо тапшырмасын бергенин айтат.
“Бул талап жаңы туу учурда деле күчүндө калат”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом