Бишкектин четиндеги Пригородное айылында жаңы «Ош» базарынын жана автовокзалдын курулушу башталды.
162 гектар жерге өнөр жай жана социалдык объекттер, турак жайлар дагы курулат.
Жаңы «Ош» базарынын имараты тегерек келип, жанына мейманкана, чоң бизнес борбор, мечит, медициналык жана спорт борборлору, ресторан куруу пландаштырылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз