Прокуратура Ак-Буурадагы мыйзамсыз курулган 10 көпүрөнү аныктады

Прокуратура Ак-Буурадагы мыйзамсыз курулган 10 көпүрөнү аныктады

Ош шаарынын прокуратурасы Ак-Буура дарыясында курулушка уруксат берүүчү архитектуралык документтери жок он көпүрө жана соода түйүндөр аныкталганын билдирди. Алар Кара-Суу жана Базар көчөлөрүнө салынган.

Көзөмөл орган Ош шаарынын архитектуралык-курулушту контролдоо боюнча шаардык башкармалыгы, Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы, Ош бассейндик суу чарба башкармалыгынын жана Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милдеттерин так аткарган эмес деп эсептейт.

Учурда факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Буура суусунун боюна салынган мыйзамсыз курулуштар, көпүрөлөр, эс алуучу жайлар тазалана турганын айткан. Ал мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлер жоопко тартыларын эскерткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош шаары

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>