Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Путинди бийликтен кетирем деген бакшы психикалык ооруканага жеткирилди
20.09.2019 | 17:17
Орусиянын президенти Владимир Путинди бийликтен кетирүү үчүн Москвага жөө баратып кармалган Якутялык бакшы Александр Габышев психикалык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Аны 19-сентябр күнү Бурятиянын аймагынан бетин чүмбөттөп алган адамдар бир нече машине менен келип кармап кеткен.
Якутиянын Саламаттык сактоо министрлиги бакшынын акыл-эсин текшерүүдөн өткөрүү керек деген чечим чыгарган.
Белгилей кестек, 51 жаштагы бакшыАлександр Габышев феварль айында Якутядан Москвага жөө жолго чыккан.
Ал өзүнүн эсеби боюнча 2021-жылы Москвага жетип, кара дубанын күчү менен Владимир Путинди бийликтен кетирерин айтып келген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар