Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
«Радуга» пансионатындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Төрт коттедж күйүп кеткен
01.11.2025 | 21:57
Ысык-Көл облусундагы «Радуга» пансионатынын аймагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн, 1-ноябрда, Кош-Кол айылында бир нече коттедж өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 13:29да беш өрт өчүрүү тобу жөнөтүлгөн. Жалын саат 21:08де толук өчүрүлгөн. Натыйжада жалпы аянты 1 миң 600 чарчы метр болгон төрт коттедж күйүп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар