Биринчи май райондук соту 1-декабрга чейин Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана борбордук көчөлөрдө митинг жана нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган.
Райондук соттун судьясы Зарина Бейшеева жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, соттун чечими 13-ноябрда чыккан.
Мындай чечим Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионундо өткөн футбол оюндарына жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Tокоевдин расмий иш сапарына, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитине карата кабыл алынган.
Казакстандын президенти Кыргызстанга 27-ноябрда келет. Ал эми ЖККУнун кезектеги жыйыны 28-ноябрда өтөт.
Ага Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.
21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун” “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсү жарыяланды.
Иликтөөдөгү айтылган фактыларга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып жарандык коом өкүлдөрү 25-ноябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыгууну пландап жаткан.