Референдумду президенттин демилгеси менен өткөрүү боюнча мыйзам долбоор сунушталды

Кыргызстанда референдум президенттин демилгеси менен өткөрүү сунушу киргизилди. Президенттик администрация тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, президент Кыргызстадын Конституциясынын 1-, 2- жана 5-бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери боюнча референдумду дайындоо жөнүндө чечимди өзүнүн демилгеси боюнча кабыл ала алат. Ошондой эле 300 миңден кем эмес шайлоочулардын же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча кабыл алат.
Ошондой эле мыйзам долбоор боюнча президент Конституциянын 3-4-бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери боюнча, мамлекеттик маанидеги башка маселелер боюнча референдумду дайындоо жөнүндө чечимди өзүнүн демилгеси менен кабыл ала алат.
Маалыматка ылайык, азыркы таптагы “Референдум жөнүндөгү” конституциялык мыйзам жаңы Конституция күчүнө киргенге чейин, тактап айткандаа 2016-жылдын 31-октябрында кабыл алынган. Мындан улам анда мамлекеттик түзүлүштүн жаңыланган конституциялык моделине, эл бийлигинин принциптерине жана мамлекеттик бийлик органдарынын компетенциясына туура келбеген бир катар ченемдер камтылган.
Аталган мыйзам долбоордун максаты аталган мыйзамды азыркы Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.