Референдумга шайлоочулардын 36,75 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, 96,34% автоматтык эсептөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына караганда, референдумга 1 миллион 325 миң адам же 36,75 пайыз шайлоочу добуш берген.
“Анын ичинен 79,25 пайыз шайлоочу жаңы Баш мыйзамдын долбоорун колдосо, 13,69 пайызы каршы добуш берген”, — деди Шайлдабекова.
Алдын ала аймактык жактан алганда, добуштар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Бишкек: «Макул» — 60,8%, «Каршы» — 36%,
- Ош шаары: “Макул” — 80,25%, “Каршы” — 12,12%,
- Жалал-Абад облусу: “Макул” — 84,23%, “Каршы” — 8%,
- Ысык-Көл облусу: “Макул” — 85,18%, “Каршы” — 9,11%,
- Нарын облусу: «Макул» — 82,76%, «Каршы» — 11,22%,
- Ош облусу: «Макул» — 84,57%, «Каршы» — 7,58%,
- Талас облусу: “Макул” — 74,98%, “Каршы” — 16,05%,
- Чүй облусу: “Макул” — 70,9%, «Каршы» — 21,31%,
- Баткен облусу: “Макул” — 84,2%, “Каршы” — 8,82%.