Республика боюнча обсервацияда 1900 адам жатат. Бул тууралуу штабдан маалымат беришти.
Алардын ичинен: Бишкек шаары – 403, Чүй облусу – 173, Ош шаары – 56, Ош облусу – 263, Жалал-Абад облусу – 189, Баткен облусу – 584, Нарын облусу – 108, Талас облусу – 24, Ысык-Көл облусу – 100.
Бүгүн, 3-апрелде COVID-19 вирусу бар экени аныкталган 14 жаӊы учур төмөндөгү аймактарда катталган:
Жалал-Абад облусунда – 5
Жалал-Абад шаары – 2
Чүй облусунда – 1
Бишкек ш. – 6
Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 4 – сырттан келген, 10 – оорулуулар менен байланыш болгондуктан жуктуруп алган.