Россия Кыргызстанга искусство университеттерине 30 квота бөлөт

Россия 2026/2027-окуу жылына Кыргызстандын жарандары үчүн чыгармачылык жогорку окуу жайларына 30 квота бөлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Россиянын Россотрудничества агенттигинин жетекчисинин орун басары Павел Шевцов менен жолугушту.
Тараптар гуманитардык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулап, өзгөчө көңүлдү китепканаларды санариптештирүүгө, адистердин квалификациясын жогорулатууга жана китепкана инфраструктурасын өнүктүрүүгө бурушту.
Мындан тышкары, тараптар жаштар саясаты жаатында да кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Тактап айтканда, жаштарды колдоо, креативдүү индустрияларды өнүктүрүү боюнча форумдар, жаштар алмашуулары жана маданий иш-чараларды биргеликте өткөрүү пландалууда.