Россия менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал — Борбор Азия үчүн тынчсыздана турган белги, — эксперт

07.08.2025 | 14:10

Россия менен Азербайжандын ортосундагы мамиленин курчушу бүтүндөй постсоветтик мейкиндик үчүн, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн «кооптуу белги» болуп эсептелет жана ал экономика, коопсуздук жана саясат тармактарында түз коркунучтарды жаратат. Мындай пикирин «Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык мамилелерди өнүктүрүү институту» фондунун директору Калдан Эрназарова Snob.kg маалымат порталы менен бөлүштү.

Эксперттин айтымында, эскалация региондогу соода алакаларына, логистикага жана инвестициялык долбоорлорго зыян келтириши мүмкүн. Саясий жактан алганда, бул кырдаал Борбор Азия мамлекеттеринин салттуу нейтралдуулугун шек астына коюп, Түркиянын таасири күчөп жаткан шартта аларды так позиция тандап алууга түртөт. Белгилүү болгондой, Түркия Бакуну ачык колдоп, Борбор Азиядагы позициясын бекемдеп жатат.

Ошол эле учурда, Эрназарованын пикиринде, бул кырдаал Кыргызстан үчүн конструктивдүү ортомчу катары чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Ал белгилегендей, Бишкек Москва жана Баку менен ишенимдүү мамилелерди сактап келет, бул Садыр Жапаровдун жакындагы Азербайжанга жасаган расмий сапарында дагы бир жолу тастыкталды.

«Кыргызстан өзүнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн жана тынчтык орнотуудагы аброюн колдонуу менен тараптар үчүн нейтралдуу диалог аянтчасын сунуштай алат. Мындай ыкма кырдаалды турукташтырууга жана өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөөгө салым кошо алат», — деп жыйынтыктады Калдан Эрназарова.

Рубрики: Саясат
Scroll to Top