Россия менен Кыргызстандын ортосунда бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү максатында мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул демилге билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана интеграцияны тереңдетүүгө багытталган.
Жумушчу топ мектепке чейинки деңгээлде орус тилин окутуу программаларын ишке киргизүү, мугалимдерди колдоо, ошондой эле келечектеги педагогдор үчүн мотивациялык механизмдерди түзүү маселелерин макулдашты.
Ошондой эле орус жана кыргыз окуу китептеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарых сабагын окутуунун бирдиктүү ыкмасы иштелип чыкты.
Топтун курамына эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү, алдыңкы жогорку окуу жайлардын жетекчилери кирет. Алардын арасында Россиянын билим берүү министри Сергей Кравцов, Кыргызстандын илим жана жогорку билим берүү министри Бактияр Орозов, билим берүү министри Доктургүл Кендирбаева жана башка расмий өкүлдөр бар.
Катышуучулар бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бирдиктүү платформаны түзүү жана ага ЕАЭБ өлкөлөрүн, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттерди тартуу маселесин да талкуулашты.