Экс-президент Роза Отунбаева Бишкек шаарындагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунан коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Отунбаева кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырып, бул вирустан арылуунун жана коопсуз жашоонун эң жөнөкөй жана натыйжалуу ыкмасы коронавируска каршы вакцина алуу экенин айткан.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 1 миң 820 адам эмдөөдөн өттү.