УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
RSF уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 144-орунга түштү
02.05.2025 | 16:29
“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму жарыялаган басма сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдын рейтингинде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга түштү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 24 баскычка төмөн.
Уюмдун маалыматында, Борбордук Азияда басма сөз эркиндигинин абалы начарлап кеткен. Рейтингде Казакстан 141-орунду, Өзбекстан 148-орунду, Тажикстан 153, ал эми Түркмөнстан 174-орунду ээлеген.
Басма сөз эркиндиги жогору өлкөлөргө Норвегия (1-орун), Эстония (2-орун) жана Нидерланд (3-орун) кирди.
Ал эми эң акыркы орундарды Кытай (178), Түндүк Корея (179) жана чыгыш Африкадагы Эритрея (180) өлкөсү ээледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом