116 кишинин өмүрүн алган Эквадор түрмөсүнө өзгөчө абал киргизилди

116 кишинин өмүрүн алган Эквадор түрмөсүнө өзгөчө абал киргизилди

Эквадордун Гуаякиль шаарында жайгашкан “Литорал” түрмөсүндөгү башаламандыктан 116 киши өлүп, 80и жаракат алды. Associated Press агенттиги каза болгондордун бешөөнүн башы кесилгенин кабарлады.

BBC’нин маалыматына караганда, башаламандык 28-сентябрда түрмөнүн бир бөлүгүндөгү камактагы адамдар экинчи тарапка өтүп, андагы адамдарга чабуул койгондон кийин башталган.

Өлкө бийлиги тополоңго эл аралык баңгизат картелине байланышы бар Los Lobos жана Los Choneros деп аталган эки топтун түрмөдө бийлик жүргүзүүнү талашканы себеп болгонун билдирди. Маалыматтарга ылайык, абактагы калайман мушташ маалында ок атылып, бычак жана жыралуучу заттар колдонулган.

Тополоңду токтотуу үчүн 400гө жакын полиция кызматкери жөнөтүлүп, алардын экөө жаракат алган.

Бул окуяга байланыштуу Эквадордун президенти Гильермо Лассо өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул өкмөткө түрмөлөргө кошумча күчтөрдү жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

«Түрмөлөр кылмыштуу топтордун таасир талашынын чордонуна айланганы өкүнүчтүү», — деди президент.

Бул Эквадордун тарыхындагы түрмөлөрдө болгон эң ири башаламандык болуп калды. Быйыл июль айында өлкөнүн бир нече абагында болгон тополоңдон камактагы 100 адам өлгөн. Февралда үч түрмөдөгү башаламандыктарда 79 киши көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>