5-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

5-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.

Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аоблустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градуска чейин ысыйт

 Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 25…27° жылуу болот.


сүрөт: Zafer Dincer
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>