Абдишүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнөдөн өттү

Абдишүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнөдөн өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, белгилүү дин аалымы, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун апасы дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Урматтуу Абдишүкүр ажы! Апаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум апаңызды Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын», — деген Жоробай ажы Шергазыев.

«Репортёрдун» эмгек жамааты Абдишүкүр ажы Нарматовго жана тууган-уруктарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>