Админресурс колдонгону үчүн ОшМУнун ректору иштен алынды

Админресурс колдонгону үчүн ОшМУнун ректору иштен алынды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана  Президенттин жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыктан  төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

— Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

— Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

— Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

— Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди  Кожобеков кызматтан алынды;

— Билим берүү жана илим министри Болот Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмиаз Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>