Айпери Медет кызы 67 секундада күрөш боюнча мелдеште атаандашын жеңип, финалга чыкты

Айпери Медет кызы 67 секундада күрөш боюнча мелдеште атаандашын жеңип, финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Украинада өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин финалына чыкты.

Белгилей кетсек, турнир 26-февралда Киев шаарында башталган, кыргызстандык 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Кармашта Медет кызы украиналык Анна Мельникти 10: 0 эсебинде жеңип, чейрек финалда венгриялык Надия Бернадет жеңишке жетти.

Финалга чыгуу үчүн күрөштө Медет кызынын атаандашы учурдагы Олимпиада чемпиону, Канададан Эрика Вайбе болду. Кыргызстандык аны 67 секундада ийнине такап, финалга чыкты.

Чечүүчү күрөштө анын атаандашы Эстониялык Мэй Эпп болот. Бул жолугушуу бүгүн, 27-февралда болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>