Бишкек — ​​Исфана — Бишкек каттамдары жанданды

Бишкек — ​​Исфана — Бишкек каттамдары жанданды

Ош — Исфана-Бишкек авиа каттамы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Эл аралык “Манас” аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 18-январында Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттам ачылат. Авиакаттамдарды “Tez Jet” авиакомпаниясы аткарат.

Авиакомпания ар жуманын дүйшөмбү күнү учуп, учуу узактыгы 1 саат 15 мүнөт түзөт.

Бишкектен учуп кетүү — 11:00.

Исфанага учуп келүү — 12:15.

Исфанадан учуп кетүү  — 13:05,

Бишкекке учуп келүү — 14: 20.

Маалымат катары:  2020-жылы аэропортко мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун наамы ыйгарылды. Реконструкция долбоордун алкагында учуп-конуу тилкеге, рулеждук жолчого, аба кемелерди токтотуучу жайга жана перронго реконструкциялык иштери жүргүзүлдү. Заманбап атайын геосинтетикалык курулуш материалдарын колдонуу менен 75 миң чарчы метр асфальт бетон төшөлдү. Учуп-конуу тилкенин жалпы узундугу 1735 метр, ал эми туурасы 35 метрди түздү.

Мындан тышкары, 2019-жылы жалпы аянты 553 кв.м. болгон жаңы аэробекет курулган, ичинде жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, алар – каттоочу орундар, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн текшерүүчү аппараттар, жүк лентасы, эне-бала бөлмөсү жана башкалар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>