Бишкекте добуш сатып алууга бир партия шектелүүдө (ВИДЕО)

Бишкекте добуш сатып алууга бир партия шектелүүдө (ВИДЕО)

Бишкекте шайлоого катышып жаткан аты аталбаган партияга добуш берүү үчүн А.А. жана “М.Н. аттуу жарандар кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милиция билдирди.

Маалыматка караганда, бир саясий партиясынын жана депутаттыка талапкердин кызыкчылыгын кѳздѳп үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча агитатор милдетин аткарып жатып, М.Н. аттуу жаранга 10 000 сом акчаны 10 шайлоочуга берип партияга жана талапкерге добушун берүүсүн суранган.

Милиция  тарабынан ыктыярдуу түрдө берилген акча жана буюм далилдери алынды. Ошол эле
учурда, жарандар А.А. жана М.Н. кылмыш жасагандыгына шек келтиргендиги тууралуу билдирүүлөр берилген.

Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесине ылайык (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)
боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>