БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп каттады

БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп каттады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгында БШК Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти деп каттады. Ал шайлоочулардын 1 млн 105 миң 248 добуш алды, бул 79,20%, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүнө ээ болду.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны 3 млн 563 миң 574 шайлоочуну түздү.

2021-жылдын 10-январындагы кезексиз президенттик шайлоого катышкан шайлоочулардын саны — 1 млн 395 миң 513 адам, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын  жалпы санынын 39,16 пайызын түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>