Чүйдөгү көлмөдө турган кайыктан адамдын жансыз денеси табылды

Чүйдөгү көлмөдө турган кайыктан адамдын жансыз денеси табылды

Чүйдөгү көлмөлөрдүн биринде кайыктын ичинен балыкчынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районундагы Беш-Терек айылында көлмөдө 66 жаштагы адам кайык менен балык улап жаткан учурда белгисиз себептен каза болуп, көлмөнүн ортосунда туруп калган.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>