Экс-министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болду

Экс-министр Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болду

Мурдагы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Эрлан Абылдаевдин талапкерлигин 17-мартта колдоп берген.

Эрлан Абылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, кытай, англис тилдерин билет. 2012-2018-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>