ИИМ: Бир нече адам ок атуучу куралды өз эрки менен милицияга тапшырды

ИИМ: Бир нече адам ок атуучу куралды өз эрки менен милицияга тапшырды

Кыргызстандын төрт жараны ок атуучу куралды ок дарылары менен тапшырып бергенин ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ал эми, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну  1980-жылы туулган Х. К. чоң атасынан калган К-16/2 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырган.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну ИЖ-12 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырган факты катталган.

 Ошондой эле, Кочкор районунун тургуну мал издеп жүрүп, 32-калибрдеги ок атуучу курал таап алып, милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Ичкииштер министрлиги жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого жана колдонууга уруксат берилбей тургандыгын эскерет.

.Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

иллюстрациялык сүрөт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>