Кеминде мал издөөгө кеткен келиндин жансыз денеси табылды

Кеминде мал издөөгө кеткен келиндин жансыз денеси табылды

Кемин районунан мурда издөөдө жүргөн аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-февралында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 22-февралда саат 12: 00дө Терек-Жайлоо участкасында, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургуну, 1989-жылы туулган Д.Н., жайлоодон мал издөөгө үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келген жок деген кабар түшкөн.

Бул факт Кемин районунун Ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери көрсөтүлгөн аймактарды кыдырышкан.

Натыйжада 26-февралында саат 18:03 чамасында милиция кызматкерлери сөз болуп жаткан аялдын сөөгүн Жел-Арык жайлоосунан табышкан.

Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, өлүм кулап түшкөндө эсин жоготуп, гипотермиядан улам келип чыккан.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>