Кыргызстан дүйнөдөгү 20 берешен өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү 20 берешен өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү 20 эң берешен өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу  CentralAsia басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык,  жылда берешен өлкөлөрдүн рейтингин чыгарган Британиялык Charities Aid Foundation фондунун тизмесинде Кыргызстан 18-катарга жайгашкан.

Фонддун маалыматына караганда Кыргызстан бул  рейтингде чоң секирик жасаган эки өлкөнүн бири. Кыргызстан 2014-жылы 83-орунда болсо, бул жылы 65-орунга жогорулаган. Мунун себеби кайрымдуулук каражатынын төрт эсе өсүшү менен байланышкан.

Изилдөөлөргө караганда, бул өсүш Рамазан айында мусулмандардын башкаларга жардам берүү чакырыгы менен байланыштуу.
Рейтингди түзүү изилдөөлөрү, өлкөдөгү кайрымдуулуктун үч аспектиси менен каралат.
1) акчалай кайрымдуулук;
2) бейтааныш адамдарга көрсөтүлгөн жардам;
3) өз ыктыяры менен жасалган иштерге бөлүнгөн убакыт.

Кыргызстанда акчалай кайрымдуулуктун өлчөмү 57%ды түзгөн.  Экинчи аспекти – бейтааныштарга жардам көрсөтүү – 53%, ал эми ыктыярчылык кыймылга бөлгөн убакыт – 36%ды түзгөн.
Бул рейтингдин эки жылдан бери Мьянма жетектеп келет. Изилдөөлөрдө аталган өлкөдө кайрымдуулукту камтыган диний салттар кеңири тараганы айтылат. Экинчи жана үчүнчү сапта АКШ жана Жаңы Зеландия турат. Канада менен Австралия 5- позицияда жайгашкан.

Кайрымдуулук эң төмөнкү көрсөткүчү  Бурунди өлкөсүндө. Ал тизменин эң аягында, 145-орунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>