Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 103 миңге жетти

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 103 миңге жетти

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 298 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5374 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 144;
Ош шаарында – 23;
Чүй облусунда – 86;
Ош облусунда – 7;
Талас облусунда – 2;
Нарын облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 13;
Жалал-Абад облусунда – 18;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 16 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 314 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 8 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 103 миң адамдан аныкталды. Анын ичинен 96 миң 443 бейтап айыгып, 1 миң 765 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>