Ошто кайнатасын бычактап өлтүргөн 30 жаштагы киши кармалды

Ошто кайнатасын бычактап өлтүргөн 30 жаштагы киши кармалды

Кайнатасын өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу “Репортёрго” Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-апрелде болжол менен саат 00:40 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн  ВЛКСМ участкасынын жашоочулары 44 жаштагы Ж.Р. жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н.  денелеринен белгисиз курч нерсенин кесепетинен жараат алганын айтып кайрылган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 6-апрелде болжол менен саат 23:20 чамаларында Нариман айыл өкмөтүнүн ВЛКСМ участкасынын тургуну Р.Ж. күйө баласы Ош шаарынын Он-Адыр участкасынын жашоочусу 30 жаштагы А.А. балдарын көрүү максатында барган кезде кайнатасы Р.Ж. аны үйүнө киргизбей экөө уруша кеткен.

Натыйжада шектүү жубайын коркутуу үчүн алып келген ашкана бычагы менен кайнатасын арка тарабынын далына эки жолу, көкүрөк тарабына үч жолу,  сол колуна үч жолу, моюнуна бир жолу, ичине бир жолу бычак менен сайып, ошол эле жерде аларды ажыратып жаткан кайнэнесин да ич тушуна эки жолу бычак менен сайып жиберген. Ал эми окуя болгон жерден бычактын сынган сабы жана кан үлгүлөрү алынган.

Он жерине бычак сайылган жабырлануучу 7-апрелде саат 04:30 чамасында денесинен алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон.

Бул факты 130-берененин 2-бөлөмүнүн 4-пункту менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши  ачылган. 44 жаштагы Ж.Р. үч баланын атасы болгон жана убактылуу эч жерде иштебеген.

Шектүү үй-бүлөлүү жана эки баланын атасы. Орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолболгон деп айтылат.

Шектүү 98-берененин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш  иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып,  тергөө амалдар жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>