Сот залынан Текебаев менен Чотонов кол чабуулар менен үй камагына чыкты

Сот залынан Текебаев менен Чотонов кол чабуулар менен үй камагына чыкты

Бүгүн, 29-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, алар үй камагына чыкты.

Текебаев абакта отурган учурунда «Бир күн келет. Мен кол чабуулар менен эркиндикке чыгам» деп айткан. Дал ошол күн келип, бүгүн ал тарапташтарынын колдоосу, кол чабуулары менен чыкты.

Белгилей кетсек, Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан.

Толугу менен видеоматериалдан көрүңүз.

Рубрики: ВИДЕО , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>