“Таза шайлоо” акциясында 130 мүшөк таштанды тазаланды, — видео

“Таза шайлоо” акциясында 130 мүшөк таштанды тазаланды, — видео

“Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү бүгүн, 1-октябрда үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыктады. Иш-чара Кыргызстандын баардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты. 

“Бир Болдун” башкы штабы “Таза шайлоо” акциясын Бишкек шаарынын Эл аралык “Манас” аэропорту тарабындагы кире беришинде өткөрүшүп, ал жердеги сейил бакты жана Чоң Чүй каналынын жээгин тазалашты.  Ал жерден баш аягы 130 мүшөк таштанды чыгарылды.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 1-октябрь, 2020-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>