Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Карагер” кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Карагер” кармалды

Бишкекте криминалдык чөйрөдө «Карагер» деген ат менен белгилүү болгон жаран алдамчылыкка шектелип кармал. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

М.Д. аттуу 1983-жылы туулган жаран, 2019-жылдын 23-сентябрда алдоо жолу менен ишенимине кирип, Аламүдүн 1 кичи районундагы батирин сатып берем деп үйдүн акчасын алып изин жашырып кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факты 204-берене (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган А.А. аттуу мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган, криминалдык чөйрөдө «Карагер» деген каймана аты бар жаран кармалган.

Учурда кармалган жарандын мындан башка да иштерге тиешеси бар же жоктугун аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>