Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралууда

Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралууда

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып жатат.

Демилгечилер – депутаттар тобу.

Талкууда өлкө аймагында уулуу калдыктар сакталган 92 жай бар экени, аларда жалпысы 300 миллион тоннадан ашык калдык бар экени такталды.

Демилгечилердин бири депутат Алмамбет Шыкмаматов  СССР маалында казылган кендердин калтыктарынын кесепеттери бүгүн чыгып жаткандыгына токтолду. Мындан тышкары эл өкүлдөрү Кыргызстандын аймагында уран казууга таптакыр тыюу салуу керек экенин белгилешти.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>