Саат 14:00гө карата Кыргызстанда 990 миң 492 адам добуш берди. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
“Саат 14:00гө карата Кыргызстандагы шайлоо участокторунда баш аягы 990492 шайлоочу добуш берди. Бул Кыргызстандагы 3 523 554 шайлоочунун 28, 11 пайызын түзөт”, — деди Шайлдабекова.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 2475 шайлоо учаскасы иштеп жатат. Алардын 45и чет өлкөлөрдө, ал жактагы кыргыз мигранттарына ачылган. Кыргызстанда жалпы 3 523 554 шайлоочу бар, алардын 32 602си чет өлкөлөрдө.
Парламенттик шайлоого 16 саясий партия ат салышып, алардан 120 мандатуу Жогорку Кеңешарналганке 1912 адам талапкер болуп катталган.