Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче Сабыркул Ашимбаев өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Сабыркул Ашимбаев «Мекенчил» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болчу. Ал өткөн шайлоодо партиялык тизмеде 29-болуп ат салышкан.